видеодон алынган кадр
4 август
Талас облусунда 20 тонна унду мыйзамсыз ташып келүүгө аракет кылышкан
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Талас облусунун аймагында жүргүзүлгөн рейддик салыктык көзөмөлдүн жүрүшүндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден «Чоң-Капка» өткөрмө пункту аркылуу эсепке алынбаган унду мыйзамсыз ташып келүү аракетин аныкташты.
Тактап айтканда, төрт жүк ташуучу унааны текшерүү учурунда коштомо документтерде көрсөтүлгөн көлөмгө салыштырмалуу ташылып келинген ундун иш жүзүндөгү көлөмү аз көрсөтүлгөнү аныкталды. Натыйжада эсепке алынбаган ундун жалпы көлөмү 20 тоннаны түздү. Алдын ала эсептөөлөр боюнча товардын баасы болжол менен 800 миң сомду түзөт.
Учурда жүк ташуучу унаалар айып короосуна токтотулду. Мыйзам бузган жарандарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлүүдө.
