Трамп Токаевди Газа сектору боюнча Тынчтык кеңешинин курамына кирүүгө чакырды
АКШнын президенти Дональд Трамп Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди Газа сектору боюнча Тынчтык кеңешинин курамына кирүүгө чакырды. Бул тууралуу Tengrinews агенттигине Казакстан президентинин өкүлү Руслан Желдибай билдирди.
Анын айтымында, Токаев америкалык лидердин чакыруусун кабыл алган. Натыйжада Казакстан жаңы түзүлүп жаткан бирикменин негиздөөчү мамлекеттеринин катарына кирди.
«Мамлекет башчысы АКШнын президентине чын ыкластан ыраазычылык билдирип, бул жаңы бирикменин курамына кирүүгө макул экенин тастыктаган кат жөнөттү», — деди Желдибай.
Ошондой эле Токаев Казакстан Жакынкы Чыгышта туруктуу тынчтыкка жетишүүгө өз салымын кошууга даяр экенин белгилеген. Казакстандын лидери өлкө эл аралык туруктуулукту бекемдөөгө умтуларын да ырастаган.
Буга чейин Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Газа секторун башкаруу маселелери менен алектене турган Тынчтык кеңешинин курамына кирүүгө макул болгон. Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийяртонун маалыматына ылайык, Орбан кырдаалды жөнгө салууда АКШнын президенти Дональд Трампка үмүт артып жатат.
