Жынысын өзгөртүү белгиси боюнча ПИНди өзгөртүү маселеси боюнча «Кызмат» ММ түшүндүрмөсү
Массалык маалымат каражаттарында жарыяланган материалдарга байланыштуу «Кызмат» ММ төмөнкүлөрдү түшүндүрөт: мекеме жынысын өзгөртүү белгиси боюнча персоналдык идентификациялык номерди (ПИН) өзгөртүү боюнча демилге көтөрбөйт жана сунуштабайт.
2026-жылдын 19-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги тарабынан демилгеленген мыйзам долбоору каралды. Аталган мыйзам долбоору техникалык каталар кеткен учурда, номерлердин кайталанышы, жынысы же туулган датасы боюнча маалыматтар туура эмес көрсөтүлгөндө, ошондой эле мыйзамда каралган башка учурларда ПИНди ыйгаруу жана өзгөртүү тартибин жөнгө салууга багытталган.
Талкуу учурунда «Кызмат» мекемесинин директорунун орун басары Эрнес Досалиев тарабынан айтылган мисал («эркек киши жынысын өзгөрткөн») гипотетикалык мүнөздө болуп, мүмкүн болуучу укуктук коллизияларды түшүндүрүү максатында гана колдонулган. Ал «Кызмат» ММ иш тажрыйбасын, чечимдерин же демилгелерин чагылдырбайт.
Мыйзам долбоорунун негизги принциби – «бир адам – бир ПИН» жана мамлекеттик маалыматтык системалардагы маалыматтардын тактыгын камсыз кылуу. «Кызмат» мекемеси ММКларды мекеменин расмий позициясын эске алууга жана туура эмес чечмелөөлөргө жол бербөөгө чакырат.
