Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда сел жүрөт
18 июль

Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда сел жүрөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, 19-20-июль күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

ӨКМ бул күндөрү тоолуу аймактарда эс алуудан баш тартып, коопсуз жайларда болууну сунуштайт. Кандайдыр бир кырдаалга кабылсаңыз токтоосуз түрдө 112 кызматына билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.