Баткен облустук прокуратурасынын жаңы имаратынын курулушу башталды
18 июль

Баткен облустук прокуратурасынын жаңы имаратынын курулушу башталды

Бүгүн Баткен шаарында Баткен облустук прокуратурасынын имаратынын курулушуна капсула салуу аземи өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. 

Иш-чарага КРнын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, облус прокурору Абай Молдокматов жана облустук жетекчилер, прокуратура кызматкерлери, куруучулар катышты.

Административдик имарат эки кабаттуу болуп курулуп, кызматкерлердин иштөөсү үчүн бардык шарттар түзүлөт. Курулуш республикалык бюджеттин эсебинен курулат.

Курулуштун жалпы сметалык баасы 140 млн сомду түзөт.