АКШ бир катар чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн жабуу ниетин билдирди
Сүрөт ачык булактардан алынды
4 август

АКШ бир катар чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн жабуу ниетин билдирди

АКШнын Мамлекеттик департаменти Конгресске чет өлкөлөрдөгү беш дипломатиялык өкүлчүлүктү жабуу ниети тууралуу кабарлады. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирүүнүн мазмуну менен тааныш булактарга таянып жазды.

Жабылышы мүмкүн болгон өкүлчүлүктөр:

– АКШнын Гренададагы Сент-Джорджес шаарындагы элчилиги;

– Япониянын Нагоя шаарындагы консулдук;

– Индонезиянын Медан шаарындагы консулдук;

– Канаданын Виннипег шаарындагы консулдук;

– Камерундун Дуала шаарындагы АКШ элчилигинин бөлүмү.

Билдирүү өткөн аптанын аягында Конгресстин айрым комитеттерине жөнөтүлгөн. Агенттиктин булактары документ азырынча коомчулукка жарыяланбагандыктан, аты-жөнүн атабоону өтүнүшкөн.

АКШнын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн массалык түрдө кыскартуу сейрек кездешет. Бул учурдагы чечим белгилүү бир геосаясий кризиске байланыштуу эмес.

Буга чейин АКШ администрациясы чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык катышуусун кыйла масштабдуу кыскартууну карап чыккан. Ак үйдүн Башкаруу жана бюджет башкармалыгы айрым чакан өкүлчүлүктөр чыгымдардын натыйжалуулугу жагынан пайдасыз деп табылгандыктан, 30га чейин дипломатиялык объектти жабууну сунуштаган. Бирок азырынча бул план беш өкүлчүлүккө гана тиешелүү болуп жатат.

АКШнын Мамлекеттик департаменти өкүлчүлүктөрдүн жабылышын расмий тастыктаган жок. Ведомство АКШнын дипломатиялык катышуусун натыйжалуу камсыздоого аракет кылып жатканын жана Конгресске кабарлоо боюнча белгиленген жол-жоболор сакталарына билдирди.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио буга чейин чыгымдарды кыскартуу ведомствону реформалоонун зарыл бөлүгү экенин айткан. Демилгени сындагандар дипломатиялык катышуунун азайышы АКШнын позициясын алсыратышы мүмкүн экенин жана башка өлкөлөргө, анын ичинде Кытай менен Орусияга көбүрөөк мүмкүнчүлүк жаратарын белгилешет.