Эми кышында Бишкектин жолдоруна кум чачылбайт. Мэр себебин түшүндүрдү
Мындан ары кышында карды ээритүү үчүн Бишкектин жолдоруна кум чачылбайт. Бул тууралуу калаа башчысы Айбек Жунушалиев билдиргендигин "Кабар" маалымат агенттиги жазды.
Мэрдин айтымына таянсак, мындай чечим шаардын экологиясына жана тазалыгына кам көрүү максатында кабыл алынган.
"Кум менен кар аралашканда жолдор булганат. Эми шаарды кирдетпеш үчүн кум чачылбайт. Биз эми жолдордогу карды ээритүүдө тузду гана колдонобуз”, – деген ал.
