Бекназар Базаралиев транспорт министринин биринчи орун басары болуп дайындалды
Бүгүн, 19-январда транспорт жана коммуникациялар министринин жаңы биринчи орун басары болуп Базаралиев Бекназар Токтосунович дайындалып, министрликтин эмгек жамаатына тааныштырылды.
Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 16-январда кол койду.
Ошондой эле, Солтобаев Талантбек Осмонбекович биринчи орун басары кызматынан бошотулду.
Министр Абсаттар Сыргабаев жаңы дайындалган Бекназар Базаралиевди кызмат орду менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.
