Бишкекте май куюучу жайда чыр чыгарган киши 5,5 миң сомго айыпка жыгылды
Бишкектеги май куюучу жайлардын биринде чыр чыгарган киши 5,5 миң сомго айыпка жыгылды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан кабарлашты.
Окуя 2-августта катталган, анын видеосу социалдык тармактарга тараган.
Бул факты боюнча маалымат Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын Маалыматтарды эсепке алуу журналына катталган.
Көрүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө 1992-жылы туулган Ш.Д. аттуу жаран аныкталып, Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген.
Аталган жаранга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесине (майда бейбаштык) ылайык укук бузуу жөнүндө протокол түзүлгөн.
Чогултулган материалдар соттун кароосуна жөнөтүлүп, соттун чечими менен Ш.Д. аттуу жаранга 5 500 сом өлчөмүндө айып пул салынган.
Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы жарандарды коомдук тартипти жана коомдук жайларда жүрүм-турум эрежелерин сактоого чакырат.
Укукка каршы аракеттер үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралган.
