Лейлектеги Кайракум суу сактагычынын насостук түтүктөрү жаңыланат
19 январь

Лейлектеги Кайракум суу сактагычынын насостук түтүктөрү жаңыланат

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шамено Лейлек районунуна болгон иш сапарынын алкагында Лейлек райондук суу чарбасынын 2026-жылдын жазгы талаа жумуштарына даярдыгын текшерди. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты. 

Облус башчысы Лейлек районунун “Арка” өрөөнүн сугат суу менен камсыздаган Кайракум суу сактагычындагы насостук станциясына барып, насостук агригаттардын оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышып, оңдоп-түзөө иштерин убагында жана сапаттуу бүтүрүп, жазгы талаа иштерине кечиктирбей, өз убагында суу берүүгө даярдоо боюнча тапшырмаларды берди.

Быйылкы жылы республикалык бюджеттен 12 млн сом каралып, ирригациялык объекттин 100 м сугат түтүктөрүн жаңылоо менен станциянын суу астындагы бөлүгүн ультра үндүү текшерүү пландалган.

Белгилей кетсек, насостук станциянын суу астындагы бөлүгү 2013-жылы, суу бетиндеги калкып турган биринчи каскады 2024-жылы га капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөн.

“Арка” насостук станциясы узундугу 16,4 км болгон 3,0 м кубдук канал аркылуу Лейлек районунун Арка өрөөнүндөгү айылдарын, жалпы 2818 га жер аянтын сугат суу менен камсыз кылат.