Бишкекте өзүн укук коргоо органынын кызматкери катары тааныштырып, акча талап кылууга шектелген жаран кармалды
4 август

Бишкекте өзүн укук коргоо органынын кызматкери катары тааныштырып, акча талап кылууга шектелген жаран кармалды

2026-жылдын 1-августунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Бишкек шаары боюнча Ички иликтөө кызматына М.Н. аттуу жаран жазуу жүзүндө арыз менен кайрылып, өзүн укук коргоо органынын кызматкери катары тааныштырган белгисиз адам тарабынан акча каражатын талап кылынганын билдирген.

Арыз ээсинин айтымында, 2026-жылдын 2-июлунда болжол менен саат 05:00 чамасында Буденный жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишине жакын жайгашкан Чоң Чүй каналынын жээгинде ага белгисиз жаран келип, өзүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкери «Жаныбек» деп тааныштырган. Ал кызматтык күбөлүгүн көрсөтүп, укук коргоо органынын кызматкери экенине ишендирип, жоопкерчиликке тартуу жана башка көйгөйлөрдү жаратуу менен коркутуп, ай сайын 5 000 АКШ доллары өлчөмүндө акча берүүнү талап кылган.

Коркутуулардан чочулаган жабырлануучу шектүүгө накталай түрдө 150 000 сом берип, андан сырткары ал көрсөткөн банктык эсептерге дагы 70 000 сом которгон. Бирок буга карабастан, шектүү телефон аркылуу психологиялык басым көрсөтүүнү улантып, кошумча дагы 200 000 сом талап кылган.

Бишкек шаарынын ИИББгы эскертет: укук коргоо органдарынын кызматкерлери жарандарды жоопкерчиликке тартпоонун же кандайдыр бир маселени чечүүнүн ордуна акча талап кылууга укуктуу эмес. Эгерде белгисиз адамдар өздөрүн мамлекеттик органдардын кызматкерлери катары тааныштырып, акча талап кылышса же психологиялык басым көрсөтүшсө, дароо ички иштер органдарына же «102» кызматына кайрылыңыздар. Өз убагында кайрылуу мыйзамсыз аракеттердин алдын алууга жана күнөөлүү адамдарды мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартууга жардам берет.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын ИИББнын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (ири өлчөмдө пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө арыз ээси мурда талап кылынган акчанын бир бөлүгү болгон 21 000 сомду өткөрүп берүү учурунда Л. Толстой көчөсүндөгү унаа токтотуучу жайдан 1993-жылы туулган Ж.С. аттуу жаран кылмыш үстүндө кармалган.

Кармалган жаранды жеке тинтүү учурунда анын жанынан Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер бөлүгүнүн офицеринин (прапорщик) кызматтык күбөлүгү табылып алынган. Ага ылайык, ал МТКВ бөлүмүндө улук айдоочу кызматында аскердик кызмат өтөп келген. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын УКМКнын 9-кызматынын прапорщик наамындагы кызматтык күбөлүгү да алынган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган жаран бул документтерди өзүнүн укук коргоо органдарына тиешелүү экенин көрсөтүү, жабырлануучуда тиешелүү ыйгарым укуктарга ээ деген ишеним жаратуу жана анын акча каражаттарын мыйзамсыз ээлеп алуу максатында пайдаланган.

Тергөө амалдарынын жыйынтыгында шектүү Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кийинчерээк соттун чечими менен ага карата эки айлык мөөнөткө Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.

Учурда Бишкек шаарынын ИИББнын Тергөө кызматы тарабынан кылмыштын бардык жагдайларын аныктоо жана кармалган жарандын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экенин текшерүү боюнча тергөө жана ыкчам-иликтөө иш-чаралары жана сотко чейинки өндүрүш уланууда.