Лейлекте шаардык кеңештин депутаты кармалды. Ал бейбаштыкка айыпталууда
Баткен ОИИБ
18 март

Лейлекте шаардык кеңештин депутаты кармалды. Ал бейбаштыкка айыпталууда

Раззаков шаардык кеңешинин 47 жаштагы депутаты А.У., кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан кабарлашты. 

Ал мурдагы кудасы тарабынан «оозго алгыс акарат сөздөр менен сөгүндү» деген арыздын негизинде текшерүүгө алынган.

Лейлек РИИБдин жана Лейлек райондук прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында материалдар сотко өткөрүлгөн.

Жыйынтыгында ал КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) боюнча күнөөлүү деп табылып, райондук соттун чечими менен 3 суткага административдик камакка алынды.