Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка унаа жолунда 5 кар көчкү жүрдү
Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка унаа жолунун 93-101-чакырым аралыктарында 5 жеринен кар көчкү түшкөнү аныкталды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, учурда көчкүнүн көлөмү такталууда.
Жерине тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн “Жагалмай” ЖЧКсынан 4 жүктөгүч тартылып, жолду ачуу жумуштарын жүргүзүп жатат.
Кошумчалай кетсек, аба ырайынын шарттарына байланыштуу, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин тескемесинин негизинде аталган унаа жолдо бүгүн, 11-февралда аба ырайы турукташканга чейин кайра унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди.
