Жалал-Абадда франциялык инвесторлор менен асма жол куруу маселеси талкууланды
18 июль

Жалал-Абадда франциялык инвесторлор менен асма жол куруу маселеси талкууланды

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов Жалал-Абад шаарына келген франциялык инвесторлор менен жолугушуу өткөрдү. 

Облустук өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, жолугушуунун алкагында тараптар туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталган, шаар менен Курорт аймагын туташтырган асма жол куруу демилгесин талкуулашты.

Нурлан Эрматов бул долбоор ишке ашырылса, Жалал-Абад шаарынын туристтик потенциалы кыйла кеңейип, ички жана тышкы туристтер үчүн кошумча шарттар түзүлөрүн белгиледи.

Жолугушууда инвестициялык мүмкүнчүлүктөр, техникалык-экономикалык негиздеме даярдоо, аймактын инфраструктуралык абалы жана мыйзамдык база боюнча кеңири пикир алмашуу болду.

Өз кезегинде франциялык тарап бул долбоорго кызыкдар экенин билдирип, кызматташууга даяр экенин кошумчалашты.