Оштогу Увам каналынын боюндагы жаңы скверь пайдаланууга берилди
11 февраль

Оштогу Увам каналынын боюндагы жаңы скверь пайдаланууга берилди

Бүгүн, 11-февралда  Ош шаарындагы Монуев көчөсүн аралап аккан Кыр-Арык (Увам) каналынын эки тарабына курулган жаңы скверь пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы жана шаар тургундары катышты.

Буга чейин аталган аймакта жайгашкан соода күркөлөрү жана мыйзамсыз курулуштар алынып, суунун жээги толук бошотулган. Бошотулган аймакка Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык эс алуу жайын куруу чечими кабыл алынган.

Жаңы скверь шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, Ош шаарынын көркүн арттырып, шаардык инфраструктураны жакшыртууга багытталган иштердин уландысы болуп саналат.