Оштун мэри белекке берилген Toyota Land Cruiser унаасын мэриянын балансына өткөрдү
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевге Жалал-Абаддык туугандарынан Toyota Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү унаа белекке берилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, калаа башчысы аталган белекти жеке менчигине албай, унааны Ош шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берүү чечимин кабыл алганын билдирди.
Анын айтымында, кызмат – элге таандык, демек белек да шаар элинин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылышы керек. Унаа мындан ары шаардык кызматтардын ишин натыйжалуу уюштурууга пайдаланылат.
