Жээнбек Кулубаев германиялык компания менен логистика тармагындагы кызматташтыкты талкуулады
11 февраль

Жээнбек Кулубаев германиялык компания менен логистика тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Берлин шаарында 10-февралда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев "Rhenus SE" компаниясынын Башкармалыгынын ыйгарым укуктуу өкүлү Генрих Керстгенс менен жолукту.

КР ТИМден кабарлашкандай, жолугушуу транспорттук логистика тармагындагы кызматташтыктын келечегин талкуулоо максатын көздөдү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстандын темир жол транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү маселелерине, ошондой эле заманбап логистикалык жана контейнердик борборлорду түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Ал эми "Rhenus Logistics" компаниясынын инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга катышуу жана Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү өзүнчө каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча практикалык консультацияларды улантууга өз ара кызыкдар экенин ырасташты.

Маалымат үчүн: Rhenus SE — Германиянын Хольцвиккеде шаарында башкы кеңсеси жайгашкан эл аралык логистикалык топ болуп саналат жана дүйнөдөгү алдыңкы транспорттук-логистикалык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн катарына кирет. Компания мультимодалдык ташуулар, кампалык логистика жана жеткирүү чынжырларын башкаруу жаатында комплекстүү чечимдерди сунуштап, дүйнөнүн 70тен ашык өлкөсүндө иш жүргүзөт.