Ысык-Көл районунда электр тармактары жана жабдуулар жаңыланууда
18 июль

Ысык-Көл районунда электр тармактары жана жабдуулар жаңыланууда

Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформалардыин алкагында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын Чолпон-Ата РЭТи тарабынан электр тармактарын жаңылоо жана күз-кыш мезгилине даярдоо иштери пландуу тартипте уланууда.

Бүгүнкү күнгө карата төмөнкү иш-чаралар аткарылды:

  • 2025-жылга карата 500 даана эскирген электр мамыларын жаңы темир-бетон мамыларга алмаштыруу пландалып, алардын ичинен 200 даана мамы орнотулду;
  • 10 чакырым 10 кВ аба чубалгыларын куруу ишинин 4 чакырымы бүткөрүлдү;
  • 33 чакырым аба чубалгыларында техникалык тейлөө жана оңдоо иштери жүргүзүлдү;
  • 9 көмөк чордону капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, 96 көмөк чордон техникалык тейлөөдөн өттү;
  • 65 чакырым аралыкта бак-дарактардын бутактары кесилди.

Мындан тышкары, Тамчы айылында кубаттуулугу жогору 630 кВА жаңы көмөк чордону орнотулуп, 1,1 чакырым аба чубалгысы жаңы кабелдик линияларга алмаштырылды. Бул иштер Чок-Тал жана Тамчы айылдарынын тургундарын туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылууга шарт түздү.

Алдыда Кожояр жана Бактуу-Долоноту айылдарында кошумча жабдуулар орнотуу иштери пландалууда.