35/10кВ «Животноводческая» көмөк чордонунун кубаттуулугу жогорулатылды
Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн реформалар ишке ашырылууда. Анын алкагында Баткен шаарынын керектөөчүлөрүн үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо жана тейлөө сапатын жакшыртуу максатында Баткен электр тармактар ишканасынын 35/10кВ «Животноводческая» көмөк чордонунун кубаттуулугу жогорулатылды.
2025-жылдын капиталдык курулуш жана реконструкциялоо иштеринин алкагында 1984-жылы курулган 35/10 кВ «Животноводческая» көмөк чордонундагы кубаттуулугу 10 000 кВА болгон күч трансформатору, учурда кубаттуулугу 16 000 кВА болгон куч трансформаторуна алмаштырылды.
Аталган көмөкчордондун кубаттуулугун жогорулатуу иштерине Улуттук электр тармактар ишканасынын өздук каражатынын эсебинен каржыланды.
Кубаттуулугу жогорулатылган жаңы трансформатор көмөк чордонунун ишенимдүүлүгүн арттырып, электр тармагындагы жүктөмдү азайтууга жардам берет. Бул өз кезегинде аскердик жана социалдык объектилердин, ошондой эле турак жайлардын сапаттуу электр менен камсыз болушуна өбөлгө түзөт.
