Бишкек ЖЭБде 300 метр бийиктиктеги түтүн морун сырдоо иштери башталды
Бишкек жылуулук электр борборунда станциядагы 300 метрдик эң бийик түтүктөрүнүн бирин сырдоо жана жарыктандыруу боюнча масштабдуу иштер башталды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Мындай бийик объекттерде иштөө, атайын техниканы, өндүрүштүк альпинизмди жана дат басууга каршы материалдарды колдонууну талап кылат. ⠀
Бул окуя ишкананын тарыхында уникалдуу болуп калды: мындай бийиктиктеги түтүн морун жуу, сырдоо жана жарыктандыруу боюнча ушундай толук масштабдуу иштер, ЖЭБ ишке киргизилгенден бери биринчи жолу жүргүзүлүүдө. ⠀
Сырдоо эстетикалык гана милдетти аткарбастан, ошондой эле маанилүү техникалык милдетти да аткарат: металл конструкцияларын дат басуудан коргойт жана объекттин иштөө мөөнөтүн узартат. ⠀
Иштер, бардык эмгекти коргоо стандарттарын, коопсуздук чараларын жана экологиялык талаптарды сактоо менен жүргүзүлүүдө. ⠀
Маалымат үчүн: “Бишкек ЖЭБ” МИ - өлкөнүн түндүгүндөгү эң ири жылуулук электр борбору болуп саналат.
