Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка барган адамды кандай жаза күтөөрү айтылды
23 июль

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка барган адамды кандай жаза күтөөрү айтылды

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексине үй-бүлөлүк зомбулук боюнча бир жылда бир нече жолу өзгөртүүлөргө учураган. Коомдогу мындай терс көрүнүштү токтотуу үчүн жазалар барган сайын катаалдашууда. Бул тууралуу КР ИИМнин коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги  Данияр Сапарбаев билдирди. 

Айтымында, психологиялык зомбулук боюнча мыйзамда, эгерде кылмыш биринчи жолу жасалып жатса, айыптуу 3 суткадан 7 суткага чейин камалат. Экинчи жолу кайталанса 7 суткадан 14 суткага чейин. А эгерде үчүнчү жолу кайталанса, айыптуу коррекциялык программа туш болот, анда адамга 3 ай психологдор менен иштешүүгө туура келет, пробация кызматкерлери иш алып барат, аймактык тескөөчүлөр көзөмөлүнө алат. Эгерде бул чараларга карабай, урап-сабоону улантса, анда Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесине ылайык, 2 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. 

“Учурда мыйзамдарды катаалдаштыруу боюнча Башкы прокуратурага сунуштарды бердик жана демилгелерди даярдап жатабыз. Биз психологиялык зомбулук үчүн биринчи эле жасалганда дароо 7ден 14 суткага чейин камакка алууну сунуштадык”, – деди ал. 

Полковник белгилегендей, акыркы учурда психологиялык зомбулук да көбүрөөк катталууда.