Суу ресурстары  министрлиги жарандар үчүн онлайн кайрылуу форматын ишке киргизди
22 ноябрь

Суу ресурстары  министрлиги жарандар үчүн онлайн кайрылуу форматын ишке киргизди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жарандардын кайрылууларын, сунуш-пикирлерин ыкчам кабыл алуу жана натыйжалуу тескөө максатында жаңы онлайн инструмент – QR-код аркылуу кайрылуу системасын иштеп чыкты.

Эми ар бир жаран «Түндүк» тиркемеси аркылуу QR-кодду сканерлеп, тез жана ыңгайлуу форматта өз сунушун же пикирин калтыра алат.

Мындан тышкары, министрликтин имаратынын 1-кабатында коомдук кабылдама үзгүлтүксүз иш жүргүзүүдө. Жарандар кайрылууларын жеринде калтыра алышат. Ошондой эле кошумча маалымат алуу үчүн 0222 77 77 44 байланыш номерине чала аласыз.

Бул жаңычыл ыкма министрлик менен элдин ортосундагы ачык-айкын, натыйжалуу жана түз байланыштын бекемделишине өбөлгө түзөт.