Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан ден соолукка оор залал келтирген шектүү жаран кармалды
2026-жылдын 8-февралында Бишкек шаарынын ИИББнин «102» кызматына Улуттук госпиталга денесинен жаракат алган эркек киши түшкөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.
Окуя болгон жерге дароо райондук башкармалыктын тергөө-ыкчам тобу чыгып, текшерүүнүн жүрүшүндө тез жардам кызматы аркылуу 1992-жылы туулган Ж.Р. аттуу жаран денесинде ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилгени аныкталган.
Бул факты боюнча Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130- (Ден соолукка оор залал келтирүү) беренесине ылайык кылмыш иши козголду.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Биринчи май РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан 1974-жылы туулган К.Т. аттуу шектүү аныкталып, кармалды. Ал Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Мындан тышкары, кармалган жарандын башка кылмыш фактыларына тиешеси бар-жогу такталууда.
