Бишкекте курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушуу өттү
Президенттин тапшырмасына ылайык Бишкек шаарындагы «Тунгуч» театрында шаар аймагында иш алып барган курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.
Иш-чара «суроо–жооп» форматында өткөрүлүп, ага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев төрагалык кылышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө курулуш тармагындагы актуалдуу маселелер, анын ичинде учурдагы карама-каршылыктарды жоюу жана курулуш тармагын жөнгө салган ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү маселелери талкууланды.
Мындай форматтагы жолугушууларды мындан ары да үзгүлтүксүз өткөрүп туруу пландалууда.
