2025-жылы Жалал-Абад облусунун аймагында 739 жол кырсыгы катталган
2025-жылы Жалал-Абад облусунун аймагында 739 жол унаа кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 135 учурга көп. Бул тууралуу 30-январда өткөн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча жумушчу топтун отурумунда айтылды.
Маалыматка ылайык, жол кырсыктарынын кесепетинен 1 246 жаран ар кандай жаракат алып, медициналык мекемелерге кайрылган.
Кырсыктардын басымдуу бөлүгү Ош – Бишкек унаа жолунда катталып, жалпы кырсыктардын 354ү дал ушул унаа жолго туура келген.
Аймактар боюнча Манас шаарында жол кырсыктары 62,5 пайызга өсүп, 96 учурдан 156га жеткен.
Токтогул районунда бул көрсөткүч 42,3 пайызга жогорулап, 92ден 131ге чыккан.
Ноокен районунда болсо кырсыктардын саны 82 пайызга көбөйүп, 74төн 135 учурга өскөн. Айрым кырсыктарга жашы жете элек өспүрүмдөрдүн катышуусу катталганы белгиленди.
