Ош шаарындагы негизги көчөлөр кеңейтилүүдө
Ош шаарындагы негизги көчөлөрдү кеңейтүү иштери жүрүүдө, деп билдирет мэриянын маалымат кызматы.
Маалыматка ылайык, шаардагы Санкт-Петербург көчөсү менен Абдувалиев көчөсүнүн кеңейтүү иштеринин алкагында аталган көчөлөрдө курулуш калдыктарын тазалоо иштери аяктоо алдында турат.
Белгилей кетсек бул көчөлөр толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.
