Кыргызстан менен Индия стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо маселесин талкуулашты
Тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов 30-январда Индиянын Кыргызстандагы элчиси Бирендер Сингх Ядав менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар социалдык маанидеги долбоорлорду практикалык ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруп, кыргыз-индиялык кызматташтыктын кеңири актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Алар соода-экономикалык, саламаттыкты сактоо, маданий жана гуманитардык тармактардагы кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендигин баса белгилешип, жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги, анын ичинде алдыдагы көп тараптуу иш-чаралардын алкагында үзгүлтүксүз саясий байланыштарды сактоонун маанилүүлүгүн белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-индиялык стратегиялык өнөктөштүктү андан ары чыңдоо үчүн биргелешип иштөөгө болгон милдеттенмелерин тастыкташты.
