Оштогу кафелердин биринде иштеп жаткан өспүрүмдү ток уруп каза болду
Ошто өспүрүм жумуш учурунда каза болду. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан кабарлашты.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Акыйкатчы институтуна берген маалыматына ылайык, өспүрүм калаадагы Токтогул сейил багындагы кафелердин биринде иштеп жатып кырсыктап каза болгон.
Милициянын айтымында, видео байкоолордогу жазууларда бала кафенин темир чатырын кармагандан кийин жерге кулап түшкөн. Алдын ала маалыматка ылайык, өспүрүмдү ток урган.
Ош ШИИБ учурда тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатканын жана бардык зарыл экспертизалар дайындалганын маалымдады.
Акыйкатчы жашы жете электерди жумуш менен камсыздоодо зарыл болгон коопсуздук чараларын кылдат кароого жана тиешелүү мамлекеттик органдарды бул окуянын бардык жагдайларын тыкыр иликтөөгө, мындай кайгылуу окуялардын кайталанышына жол бербөөгө чакырат.
Жамиля Жаманбаева балдардын кызыкчылыктарын камсыз кылуу жана коргоо КРнын Конституциясы менен бекитилгенин жана бул Акыйкатчы Институтунун ишмердүүлүгүндөгү артыкчылыктуу багыттардын бири экенин баса белгилейт.
