Кыргызстанда эркек адам расмий документтерде аял болуп катталды
Кыргызстанда расмий документтерде жынысын өзгөртүү боюнча алгачкы кайрылуу катталды. Мамлекеттик «Кызмат» мекемесине эркек жынысындагы жаран жынысы тууралуу маалыматты аял жынысына өзгөртүп берүү өтүнүчү менен кайрылган.
Бул тууралуу мекеменин директорунун орун басары Эрнес Досалиев билдирди. Анын айтымында, арыз өткөн жумада түшүп, учурда кароодо турат.
Ал белгилегендей, Кыргызстандын колдонуудагы мыйзамдары документтерде жыныс тууралуу маалыматты өзгөртүүгө мүмкүндүк берет. Бул процедура белгиленген тартипте медициналык маалымкаттын негизинде жүргүзүлөт.
Маалымат Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү, маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында айтылган.
