Суук -35 градуска чейин жетет. ӨКМ чукул билдирүү таратты
19 январь

Суук -35 градуска чейин жетет. ӨКМ чукул билдирүү таратты

Кыргызстан аймагында 19-январдан тарта аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт, деп билдирет ӨКМдин маалымат кызматы. 

Маалыматка ылайык, абанын температурасы кескин төмөндөп:

  • Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -9…-14°, күндүз -1…-6°,
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -2…-7° суукка чейин, күндүз -2° суктан…+3° жылуулукка чейин,
  • тоо этектеринде түнкүсүн -11…-16°, күндүз -2…-7°,
  • Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12° суукка чейин, күндүз -4° сууктан…+1° жылуулукка чейин,
  • Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -23…-28°, күндүз -9…-14°,
  • бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -26…-31°, күндүз -9…-14°,
  • Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -30…-35°, күндүз -11…-16° суукка чейин болушу күтүлөт. 

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Катуу жаан-чачын жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, унаалардын кыймылдоосун кыйындатат.