Ош шаарында заманбап асма жол куруу пландалууда
Сүрөт ачык булактардан алынды
16 ноябрь

Ош шаарында заманбап асма жол куруу пландалууда

Ош шаарынын туристтик дараметин жогорулатуу, эс алуучулардын агымын көбөйтүү жана тармакты өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында эки заманбап асма жол куруу демилгеси көтөрүлүүдө. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жнаарбек Акаев билдирди.

Бул демилгени ишке ашыруу үчүн бүгүн Ошко австриялык "Doppelmayr", франциялык "Ammandy" жана кытайлык курулуш компанияларынын адистери келишти.

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тиешелүү муниципалдык кызматтардын жетекчилери жана аталган чет элдик коноктор менен биргеликте көчмө жыйын өткөрүп, долбоордун негизги багыттарын талкуулады. Мындан тышкары, курулуш жүрүшү мүмкүн болгон аймактар жеринен каралып чыкты.

Алдын ала сунушталган демилгеге ылайык, асма жолдордун бири шаардын түштүк-чыгыш (Юго-Восток кичи району) тарабынан Ак-Буураны бойлой Навои атындагы сейил бакка чейин тартылса, экинчиси Керме-Тоо тоосунан башталган багытта курулушу күтүлүүдө.

Учурда тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр жана алдын ала тактоо иштери жүрүп жатат. Бардык даярдык жана макулдашуу жараяндары аяктаган соң, келерки жылдын жаз айларында курулуш иштерин баштоо мерчемделүүдө.