Кыргызстанда жазында 1 миллионго жакын көчөт отургузуу пландалууда
Сүрөт ачык булактардан алынды
16 ноябрь

Кыргызстанда жазында 1 миллионго жакын көчөт отургузуу пландалууда

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Тон токой чарбасынын ишмердүүлүгү жана көчөтканасынын абалы менен жеринен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты. 

Иш сапардын жүрүшүндө министр көчөтканада өстүрүлүп жаткан көчөттөрдүн абалын көрүп, токой чарбасында өстүрүлүүчү көчөттөрдүн түрлөрүн көбөйтүү, алардын сапатын жакшыртуу жана өстүрүү технологияларын өркүндөтүү зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле токой чарбасынын ишин натыйжалуу уюштуруу, өздүк кирешесин көбөйтүү жана материалдык-техникалык базасын чыңдоо маселелерине көңүл бурду.

Акыл Токтобаев алдыдагы жазгы токой отургузуу мезгилине сапаттуу даярдык көрүү, көчөттөрдү өз убагында даярдоо жана токойду калыбына келтирүү иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча тиешелүү жетекчилерге бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жыл сайын 2 миң гектардан ашык аянтта токой өстүрүү жана токойлорду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт. Анын алкагында өлкө боюнча 1 миллионго жакын көчөт отургузулуп, мамлекеттик токой фондунун аймактарында 3 миң килограммга жакын токой үрөнү себилет.