Бишкекте өзүн "салыкчы" катары тааныштырган алдамчы кармалды
16 ноябрь

Бишкекте өзүн "салыкчы" катары тааныштырган алдамчы кармалды

Бишкекте өзүн салык кызматынын кызматкери катары тааныштырып, бир катар алдамчылык фактыларына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы кабарлайт. 

Билдирүүгө ылайык, райондук милициянын Тергөө кызматына К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Себеби, 2026-жылдын 7-ноябрында белгисиз жаран ишенимге кирип, өзүн салык кызматынын, ошондой эле тамеки буюмдарын жеткирүү жана сатуу менен алектенген компаниянын кызматкери катары тааныштырып, мурда жеткирилген продукцияны жаңысына алмаштырып берүү шылтоосу менен жалпы суммасы 25 050 сомду түзгөн Esse, Winston жана Richmond маркасындагы тамеки буюмдарынын 15 блогун, ошондой эле 5 000 сом акча каражатын алдап ээлеп алган.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 1993-жылы туулган М.А. аттуу жаран аныкталып, кармалган. Ал Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Андан аркы тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында кармалган жарандын ушул сыяктуу 10дон ашык алдамчылык фактысына тиешеси бар экендиги аныкталган.

Милиция аталган жарандын мыйзамсыз аракеттеринен жабыркагандар же кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар төмөнкү телефон номерлерине кабарлоону өтүнөт: 0 (704) 00-74-00, 0 (995) 95-09-40 же 102.