Сүрөт ачык булактардан алынды
23 июль
Күн күркүрөп, катуу шамал болот! Синоптиктер чукул билдирүү таратты
Жакынкы үч саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, катуу шамал болот.
Кыргызгидромет кызматынан кабарлашкандай, түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Буга байланыштуу синоптиктер жарандарды этият болууга чакырды.
