Жалал-Абад облустук башкармалыгына жаңы техника жана атайын жабдыктарды тапшырды
Бүгүн Жалал-Абад облусунун башчысы Тилек Текебаев КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгына жаңы техника жана атайын жабдыктарды тапшырды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Жаңы алынган техникалар Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун эсебинен каржыланып, жалпысынан 12 миллион 800 миң сом акча каражаты жумшалган.
Аталган каражаткан төмөнкү техникалар сатып алынды:
- үч даана JAC T9 үлгүсүндөгү автоунаа,
- мотопомпалар,
- куткаруу инструменттеринин комплекттери,
- дрон,
- жарык мунарасы,
- өрт өчүрүүчү жана куткаруу жабдыктары,
- суудагы куткаруу каражаттары.
