Бишкекте бала бакча жана бассейни бар 16 кабаттуу комплекстин курулушу текшерилди
Бишкек шаарынын Сүйүмбаев көчөсү 14 А дарегинде курулуп жаткан объектте текшерүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен кабарлашты.
Аталган даректе “Артвин Девелопмент” ЖЧКсы тарабынан жер алдындагы унаа токтотуучу жайы, балдар бакчасы жана жабык бассейни бар 14–16 кабаттуу турак жай комплекси курулууда.
Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш-монтаждоо иштеринин бекитилген долбоордук-сметалык документацияга, техникалык регламенттерге жана курулуш ченемдерине шайкештигине өзгөчө көңүл бурулду.
Атап айтканда:
- имараттын пайдубалынын жана жер төлө бөлүгүнүн гидроизоляциялык иштеринин долбоордук чечимдерге ылайык аткарылышы;
- жер алдындагы унаа токтотуучу жайдын конструкцияларынын, кирүү-чыгуу бөлүктөрүнүн жана инженердик чечимдеринин долбоорго шайкештиги;
- коопсуздукту камсыз кылуучу коргоочу торлордун болушу.
Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш ченемдеринин, техникалык регламенттердин жана бекитилген долбоордук документациянын талаптарын так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, сунуштар берилди.
