Баткен облусуна 50гө жакын жол техникалары тапшырылды 
11 февраль

Баткен облусуна 50гө жакын жол техникалары тапшырылды 

Япониялык JICA агенттигинин колдоосу менен Баткен облусуна 43 даана жол куруу жана тейлөө техникалары тапшырылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Иш-чарага Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хирано Рюити, Кыргызстандагы JICAнын туруктуу өкүлү Нишигато Котаро, транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Бекназар Базаралиев, КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышты.

Ошондой эле Баткен районунда саатына 35 тонна өндүрүмдүүлүккө ээ асфальт-бетон заводу орнотулду.

Белгилей кетсек, асфальт-бетон заводунун ишке кириши жаңы жолдорду куруу, оңдоо үчүн керектүү материалдарды өз убагында жана сапаттуу камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ал эми заманбап жол-транспорт техникалары жолдорду тейлөө иштерин кыйла ылдамдатат.

2025-жылы Баткен облусунда 84 чакырым жол асфальтталып, 56 чакырым шагыл жол курулган.

Ал эми быйыл 300 км жолду асфальтоо жана 100 чакырым шагыл жол куруу жана оңдоо каралууда.