Эртең Жерде күчтүү магниттик бороон болору айтылды
19 январь

Эртең Жерде күчтүү магниттик бороон болору айтылды

Күндөн бөлүнүп чыккан плазманын агымы шейшембиге карата Жерде G3/G4 класстагы магниттик бороонду жаратышы мүмкүн. Бул тууралуу Россия Илимдер академиясынын Космостук изилдөөлөр институтунун Күн астрономиясы лабораториясы маалымдады.

«Плазманын чыгышы түздөн-түз Жер тарапка багытталган… Алдын ала божомол боюнча, жерге шейшемби күнү жетет. Күтүлүп жаткан магниттик бороондун деңгээли — G3/G4», — деп айтылат маалыматта.

G4 белгиси беш баскычтуу шкала боюнча «абдан күчтүү» дегенди билдирет, анда G5 — «өзгөчө күчтүү», ал эми G1 — «алсыз» деп бааланат.

Ошондой эле «полярдык жарыктардын зонасынын төмөнкү чеги 50 градуска чейин түшүшү мүмкүн» экени белгиленген.