Сүрөт ачык булактардан алынды
23 июль
Жумгалда ипотекалык үйлөр курулат, ал үчүн жер бөлүндү
Нарын облусунда ипотекалык турак жайларды куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча иштер уланууда.
Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, 23-июлда ыйгарым укуктуу өкүл Нурбек Сатаров Жумгал районуна иш сапары менен барып, ипотекалык турак жай курула турган жер тилкесин көрүп чыкты.
Долбоордун алкагында Жумгал районунун борбору Чаек айылынан жалпы аянты 1 гектар 80 сотых жер тилкеси бөлүнүп берилди.
