Айдоочулук күбөлүгү жок жана 68 700 сом өлчөмүндөгү төлөнбөгөн айып пулдары бар айдоочу кармалды
22 ноябрь

Айдоочулук күбөлүгү жок жана 68 700 сом өлчөмүндөгү төлөнбөгөн айып пулдары бар айдоочу кармалды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери борбор калаада өткөрүлгөн рейддин жүрүшүндө жол эрежесин бузган “Chevrolet” үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.

Текшерүү маалында айдоочу кызматкерлердин мыйзамдуу талабына баш ийбестен, окуя болгон жерден качууга аракет кылган. Көрүлгөн ыкчам чаралардын натыйжасында унаа токтотулуп, айдоочу кармалган.

Текшерүү учурунда айдоочунун айдоочулук күбөлүгү жана транспорт каражатын башкарууга тиешелүү документтери жок экени аныкталды. Ошондой эле анын 68 700 сом көлөмүндө мурдагы төлөнбөгөн айып пулдары бар болуп чыкты.

Токтоо талабына баш ийбегендиги жана документтеринин жоктугу үчүн айдоочуга мыйзамга ылайык 7 500 сом айып салынды. Автоунаа айып короо жайына токтотулду.

ЖКККББ жарандарды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого жана коомдук коопсуздукту камсыздоого чакырат.