Садыр Жапаров бир катар жетекчилерге катуу сөгүш берди – тизме
Садыр Жапаров
11 февраль

Садыр Жапаров бир катар жетекчилерге катуу сөгүш берди – тизме

Эмгек милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарбагандыгы үчүн бир катар аткаминерлерге катуу сөгүш берилди. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. 

Президент Садыр Жапаровдун тескемесине ылайык:

  • энергетика министри – Ибраев Таалайбек Өмүкеевичке;
  • Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Сабиров Равшанбек Азатовичке;
  • президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары – президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын башчысы Кадыралиев Азамат Сактанбековичке катуу сөгүш берилди.