Бишкек шаарынын ИИББнын ыкчам кызматкерлери сериялык капчык уурулуктарын жасоого шектелген адамды кармашты
2025-жылдын 18-ноябрында социалдык тармактардын кыргыз сегменти мониторингинин жүрүшүндө маршруттук таксиде белгисиз адамды жүргүнчүлөр капчык уурдоого шектеп нааразычылык билдирген видео табылган.
Бул факты боюнча маалымат Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБнын МЭЖге катталып, кийин Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөө аракеттеринин жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында Бишкек шаарынын ИИББнын ыкчам кызматкерлери сериялык капчык уурулуктарын жасоого шектелген — 1992-жылы туулган Б. А. аттуу шектүү буга чейин бир нече ирет соттолгондугу аныкталып, райондук башкармалыктын Тергөө кызматына жеткирилиген. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде ал Бишкек шаарынын ИИББнын Убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Учурда анын бир катар ушундай мүнөздөгү кылмыштарга тиешеси бар экени аныкталды.
