Башкы прокуратура тергөө кызматынын башчылары үчүн «Кылмыштардын бирдиктүү реестри» боюнча окутуу өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы өлкөнүн шаардык жана райондук ички иштер органдарынын тергөө кызматынын башчылары үчүн «Кылмыштардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган системасынын («КБР» АМС) актуалдуу модулдары боюнча окутуу өткөрдү.
Иш-чаранын алкагында «Электрондук иш» жана «Номенклатуралык ишке эсептен чыгаруу» модулдары боюнча презентациялар жана практикалык окутуулар уюштурулду. Бул модулдар тергөө иштерин электрондук форматта жүргүзүүнү жеңилдетип, документтерди башкарууну ылдамдатат. Айрыкча, «Электрондук иш» модулу тергөөчүлөргө иштердин ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жардам берет.
Окутууга 21ден ашуун тергөө бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышып, системанын жаңы мүмкүнчүлүктөрү боюнча практикалык билимдерге ээ болушту. Презентациялар тергөөчүлөрдүн күнүмдүк ишинде системаны натыйжалуу колдонууга багытталды.
Башкы прокуратура тарабынан укук коргоо органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптик технологияларды өнүктүрүү боюнча иштерди улантылууда.
