Массалык баш аламандыкка чакырган жаран ИИМге жеткирилди
22 ноябрь

Массалык баш аламандыкка чакырган жаран ИИМге жеткирилди

Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине  1998-жылы туулган С.Т. массалык баш аламандыктар аркылуу бийликти алмаштырууга чакырык жасап жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн. 

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинде (массалык баш аламандыктар) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. 

 Келип түшкөн маалыматтын негизинде зарыл болгон процессуалдык иш-чаралар уюштурулду. Жаран  С.Т.нын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлдү. Шектүү мыйзамда каралган андан аркы аракеттерди көрүү үчүн ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилди. Тергөө уланууда.