Чүй облусунда адам өлтүрүүгө шектелген эки жаран кармалды
11 февраль

Чүй облусунда адам өлтүрүүгө шектелген эки жаран кармалды

2026-жылдын 8-февралында саат 03:56да Панфилов РИИБге 103 линиясынан райондук ооруканадан кабар келип түшкөн, анда Панфиловка айылында мушташ учурунда эркек киши октон жаракат алып, каза болгондугу жөнүндө айтылган.

Факт катталып, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам топ жөнөтүлгөн. Панфиловка айылындагы бир үйдүн короосунда, “KIA K5” унаасынын салонунда, эркек кишинин өлүк сөөгү табылган. Каза болгон адам - 1993-жылы туулган О.Ж. аттуу жаран экендиги аныкталып, денесин кароо учурунда кабыргасында октон алган жаракат жана бетинде дене жаракаттары аныкталган.

Окуя болгон жерди кароо учурунда ИЖ үлгүсүндөгү 16 калибрдеги бир ок атуучу сайсыз кыскартылган мылтык, патрон огу салынган абалда, ошондой эле ошол эле калибрдеги атылган гильза табылган.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө учурунда жабыркаган адам менен А.Н. жана О.А. атту жарандар классташ экени аныкталган. Алкоголдук ичимдиктерди чогуу ичкен учурда О.Ж. менен А.Н. ортосунда пикир келишпестик чыккан, натыйжада А.Н. үй ээси О.Ага таандык мылтыктан ок чыгарган. Алынган жаракаттан улам жабырлануучу каза болгон.

Ал эми, 1993 жылы туулган А.Н. жана 1991 жылы туулган О.А. Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Сот тарабынан аларга карата эки айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.

Тергөө иштери улантылып жатат.