Министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов коомдук фонддордун өкүлдөрү менен жолугушту
12 март

Министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов коомдук фонддордун өкүлдөрү менен жолугушту

Бүгүн, 2025-жылдын 12-мартында, Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратында Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов коомдук фонддордун өкүлдөрү менен жолугушту.

Иш-чаранын жүрүшүндө Октябрь Урмамбетов экстремизм эң оор кылмыштардын бири болуп, коомго чоң коркунуч жаратарын белгиледи. Бул көрүнүшкө каршы туруу үчүн натыйжалуу мамиле талап кылынып, экстремизмди алдын алуу багытында мамлекеттик деңгээлде концепциялар жана программалар кабыл алынып, ошол программаларды ишке ашыруу максатында өз ара кызматташуу планына кол коюлгандыгын маалымдады.

«Аялдар жана өспүрүмдөр арасында экстремизмди гана эмес, үй-бүлөлүк зомбулукту да алдын алуу боюнча иш алып баруу менен биз өлкөбүздө тартипти сактоого маанилүү салым кошуп жатабыз деп ишенем», – деди министрдин орун басары.

Жолугушуунун соңунда, тараптар өз ара кызматташуу планына кол коюлуп, мындан ары кылмыштуулуктун алдын алуу максатында, ачык-айкындуулук менен өз ара аракеттенүүгө жана мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.