Убактылуу айдоочулук күбөлүк: ал кандай жана кимдерге берилет?
Кыргызстанда жакында убактылуу айдоочулук күбөлүктөр бериле баштайт. Бул кандай айдоочулук күбөлүк жана аны кимдер ала алаарын КР Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун директорунун орун басары Толубай Жакишев “Биринчи радионун” эфиринде айтып берди.
Белгилей кетсек, тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 19-майда кол койгон жана ал 1-июндан тартып күчүнө кирет.
Жакишев белгилегендей, буга чейин жол кырсыктарын азайтуу максатында айдоочуларды окутууга катаал тартиптер киргизилген. Мисалы, окутуу иштери мамлекеттик мекемелерге жүктөлүп, 3 айлык мөөнөт 10 айга узартылган.
“Учурда 7 500дөй курсант онлайн жана офлайн форматында окуп жатат. Алардын көбү окуу мөөнөтү көбүрөөк болуп жатканын айтышып, “мен эрежелерди жакшы билем, айдоочулук күбөлүктү эртерээк алууга мүмкүнчүлүк берсеңер”, – деп суранышты. Мындан улам токтом долбоорун даярдап Министрлер Кабинетине киргизгенбиз”, – деди ал.
Айтымында, жаңы эреже боюнча курсант өз алдынча даярданып, материалдардын баарын окуп чыкса, 10 эмес, 4 айдын ичинде айдоочулук күбөлүк ала алат. Ал үчүн биринчи автомектептен тесттен өтөт, андан соң Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун тестинен өтөт. Эгерде биринчи жолкуда ийгиликке жетишсе, анда ага убактылуу айдоочулук күбөлүк берилет.
“Убактылуу айдоочулук күбөлүк электрондук гана түрдө болот. Аны алгандан кийин жаран 6 айга чейин жол эрежелерин бузбаса, ага карата ГАИ кызматкерлери тарабынан протокол түзүлбөсө, анда туруктуу күбөлүккө алмаштырылат. А эгерде андай болбосо, убактылуу айдоочулук күбөлүк артка чакыртылат дагы, жаран окуусун кайра улантат”, - деди Жакишев.
