Талас облусунда көмөк чордондордун жабдууларын ремонттон өткөрүү иштери уланууда
23 июль

Талас облусунда көмөк чордондордун жабдууларын ремонттон өткөрүү иштери уланууда

Бүгүнкү күндө "КУЭТ" ААКнын филиалы – Талас электр тармактар ишканасынын көмөк чордон кызматы тарабынан Талас облусундагы көмөк чордондордун электр жабдууларын пландуу ремонттон өткөрүү иштери графикке ылайык жүргүзүлүүдө.

Учурда «Чат-Базар» 110/35/10 кВ көмөк чордонунда Т-1 күч трансформаторунун 110 кВ жана 35 кВ өчүргүчтөрүн (В-110, В-35), 110 кВ жана 35 кВ ток трансформаторлорун (ТТ-110, ТТ-35), 35 кВ биринчи секциясынын шиналар системасын (1-СШ), өлчөөчү трансформаторун (ТН 1-СШ-35 кВ), ошондой эле «Конезавод» жана «Беш-Таш» багытындагы 35 кВ аба чубалгыларынын линиялык ажыраткычтарын (ЛР ВЛ-35 кВ) пландуу учурдагы ремонттон өткөрүү иштери аткарылууда.

Мындан тышкары, «Көк-Сай», «Арал», «Бала-Сары», «Конезавод», «Жер-Үй», «Беш-Таш», «Кызыл», «Ак-Дөбө», «Өзгөрүш» жана «Кырк-Казык» көмөк чордондорундагы электр жабдууларын ремонттон өткөрүү иштери толугу менен аяктады.

Ал эми «Кең-Кол», «Таласский», «Победа», «Бейшеке», «Кировка», «Бакайыр», «Грозный», «Покровка», «Манас», «Кара-Арча», «Иван-Алексеевка», «Семетей» жана «Төлөберлиев» көмөк чордондорунда пландуу ремонт иштери бекитилген графикке ылайык улантылууда.

Аталган иштер көмөк чордондордун ишенимдүү иштешин камсыздоо, жабдуулардын техникалык абалын жакшыртуу жана облус керектөөчүлөрүн туруктуу, үзгүлтүксүз сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.