Каныш-Кыя муниципалдык ишканасына жаңы кызматтык автоунаа тапшырылды
Каныш-Кыя айыл өкмөтү
23 июль

Каныш-Кыя муниципалдык ишканасына жаңы кызматтык автоунаа тапшырылды

Каныш-Кыя муниципалдык ишканасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында JAC T8 үлгүсүндөгү заманбап кызматтык автоунаа сатып алынды.

Анын баасы 2 млн 305 миң сомду түзөт, каражат  Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнгөн.

Жаңы автоунаанын ачкычын Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Бактыбек Исабеков муниципалдык ишкананын жетекчиси Өмүрзак Токтогуловго салтанаттуу түрдө тапшырып, бул техника калкка көрсөтүлүүчү коммуналдык кызматтардын сапатын жогорулатууга, ишкананын күнүмдүк иштерин ыкчам жана натыйжалуу аткарууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.