Кыргызстанда майыптыгы бар адамдарды спорттук объекттерге кабыл алуудан баш тартууга тыюу салынат
Кыргызстанда майыптыгы бар адамдарды спорттук объекттерге жана кызматтарга кабыл алуудан баш тартууга тыюу салуу пландалууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна депутаттар сунушташты.
Жаңы норма менчигинин түрүнө карабастан спорт залдарына, бассейндерге, спорттук комплекстерге жана башка спорттук объекттерге жайылтылат.
Майыптыгы бар адамга спорт менен машыгууга медициналык каршы көрсөтмөлөр болгон учурда гана баш тартууга уруксат берилет.
Мындан тышкары, жаңы спорттук объекттерди курууда жана иштеп жаткан объекттерди реконструкциялоодо алардын ээлери майыптыгы бар адамдардын тоскоолдуксуз кирип-чыгуусу үчүн шарттарды түзүүгө милдеттүү болушат.
Ошондой эле дене тарбия жана спорт уюмдары кеминде беш майыптыгы бар адамдын спорт менен машыгуусуна мүмкүнчүлүк берүүгө милдеттендирилет.
Мыйзам долбоору майыптыгы бар адамдардын ден соолугун чыңдоого, оорулардын алдын алууга жана коомго социалдык жактан ыңгайлашуусуна көмөк көрсөтүүчү каражат катары дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүнү карайт.
Мындай машыгууларды уюштуруу, медициналык коштоо жана адистерди даярдоо иштери билим берүү мекемелери, саламаттык сактоо жана социалдык коргоо органдары, ошондой эле спорт уюмдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
